Шайлообек Атазов Бишкектеги кооптуу  көпүрөлөрдүн абалы менен таанышты

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Бишкек шаардын чыгыш автобекетинин аймагында жайгашкан Жибек-Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн абалы менен таанышты. Учкун конушунун тургундары менен  жолугушкан эл өкүлүнө  аймактагы көпүрөнүн кооптуу жайдагы негизги маселе катары айтылды.

Көпүрө унаалардын жол жүрүүсүндө авариялык абал жаратып, жөө адамдар өтүүчү бөлүгү четинен бузула баштаган. Учурда бир топ жыл мурда курулган көпүрөнү жаңыртуу талабы күч экендиги белгиленди.

М. Ауэзов көчөсүндө жайгашкан көпүрө талапка жооп бербей калгандыктан аны да жаңыдан куруу маселеси көтөрүлдү. Унаалардын өтүүсү үчүн курулган көпүрөнүн четине жашоочулар ашар жолу менен жөө адамдар өтүүчү жол куруп алышкан. Анын адам өмүрүнө кооптуулугун айткан тургундар эки тарапты байланыштырган көпүрөнү жаңылоо талабын айтышты. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Свердлов районунда 2 көпүрөнү куруу долбоору быйыл даярдалып жатканын белгилеп, каражат маселеси чечилсе кийинки жылдан тартып курулуш иштери башталарын билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты  жашоочулар тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлөрдү чечүүгө колдоо көрсөтөрүн белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

18-августка карата аба ырайы

18-августта республиканын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшүү мүмкүн.   Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.   Абанын температурасы:   Чүйдө түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33;   Таласта түнкүсүн 8…13, күндүз 26…31;   Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;   Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29;   […]

Сизге жагышы мүмкүн