Белгилүү акын Шабдан Сулайманов 1972-жылы Талас районундагы Талды-Булак айылында туулган. 1995-жылы КМУУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүткөн. Үй-бүлөлүү, 2 кыз 1 уулдун атасы. Учурда Талды-Булак айылында жашайт.
ЖАЙЛООДОГУ СҮРӨТ
Каарыган күндү сындырып,
Калкылдап учуп сур булут.
Кыйшаят төрдө жылкычы,
Кымыздан жутуп кылгырып.
Жон тери менен мал тапкан,
Жок издеп жолду чарчаткан.
Жогортон түшүп келатат,
Жолоочу болуп салт атчан.
Караанды көрсө бир замат,
Капталдан суурлар үн салат.
Талпактан өчүн алчудай,
Татына келин жүн сабап.
Өкүртө тоюп чөпкө көк,
Өкүрөт ноопаз өпкөлөп.
Кучактап уктайт куйругун,
Кууашык болгон көк дөбөт.
Кургак күн өтүп денеге,
Кулундар ыктайт желеге.
Аялды кечке акмалайт,
Аяк кап илген кереге.
Бозүйдүн болбой бош жери,
Болпоёт салган бостеги.
Баканда бала күрмөсү,
Байланган бекем кош жеңи.
Сары май анан бышкан нан,
Сабанын жыты ышталган.
Каржилик башы кылтыят,
Капшытка бекем кыстарган.
Тартактап чуркайт тайган ит,
Таз жоору көктө айланып.
Кармалган короо сыртында,
“Каракчы” турат байланып.
Баласын атка жиберип,
Бак сурайт чабан тиленип.
Тегизде жаткан калың кой,
Тескейди көздөй тирелип.
Козусун союп шашылып,
Конокко казан асылып.
Кылаалап батып барат күн,
Кырдагы ташка жашынып.
КЫРМАН
Союз деген чоң атам курган эле,
Солкулдабай эчен жыл турган эле.
Күндү жутуп томсоргон дал ушул жер,
Күркүрөгөн бир кезде кырман эле.
Кырман эле көп элге жагып турган,
Кыйма-чийме унаалар агып турган.
Бириктирип бардыгын эмгек менен,
Бир айылдын мал-жанын багып турган.
Тоют болуп ташылып канчасы улам,
Толуп кетчү бат эле аркасынан.
Артып турчу пейили ал ан сайын,
Арпа-буудай төгүлүп кампасынан.
Үйдөн чыксам таң менен, иңир менен,
Үнү угулуп күрүлдөп, дирилдеген.
Кыялданып отуруп кичинемде,
Кырман болуп кетчү элем дилимде мен.
Чоң максатты алдыга коюп терең,
Чогуу өстүк, чоңойдук тоюп кенен.
Чок баскандай чоочутуп бир күнү эле,
Чоң атабыз көз жумду Союз деген.
Менчиктеди ал анан тамын бирөө,
Мээнет кылбай айдады малын бирөө.
Кошо талап турушту туш-тушунан,
Кой дегенге жарабай жарым бирөө.
Баш аламан турмуштун закымында,
Баш-аяксыз иш кылып сапырылма.
Кышын сатып талкалап, ичин сатып,
Кырманды да жок кылдык акырында.
Токтото албай өмүрдү зымылдаган,
Толкун келет угулуп, угулбаган.
Үй сыртында баягы эски тааныш,
Үн жаңырып тургансыйт уңулдаган.
Баркың сенин билбедим мурда неге,
Балалыкты көрчүмүн кырдан эле.
Буруп турган ажайып бир мезгилге,
Бул мен үчүн эң кымбат кырман эле.
КЫЗГАНЫЧ
Дегдеп жүрөк, жолукканда жаркыным,
Делбе болуп, демим жетпей сүрдөнүп.
Сүйлөй албай, тилден калып, тартынып,
Сүйөөрүмдү кайдан билдим бир көрүп?
Кайдан билдим? Кара баскыр ошол күн,
Каңтарылып кеткен өңдүү дүнүйөм.
Карайладым, жер кучактап төшөлдүм,
Кайтып бара жатып сенин үйүңөн.
Жоопсуз сүйүү. Жол басылбай токтогон,
Жогум, барым билинбестир сулууга.
Күндөргө мен бир чайналып жок болом,
Күчүм жетпей кайра экинчи турууга.
Түгөнөмүн, түгөл жашоом өтөлбөй,
Түнөк таппай махабаттын айлында.
Куюлармын чөлгө төккөн нөшөрдөй,
Кумга сиңип күйүтүм да, кайгым да.
Сезимсизим, сен бир убак ай жарык,
Сейил бакка чыккан кезде акырын.
Албууттанып мен шамалга айланып,
Алып учам колуңдагы чатырың.
Жааган кардай жаның койбой кучактап,
Жазгы желдей алкымыңдан аймалап.
Күздү узатып, жазды коштоп, кыш аттап,
Күтүүм менин төрт мезгилге айланат.
Көңүл муздап, таңды тосуп кеч менен,
Көөдөнүмдө жылдар тоңуп, ай үшүп.
Кыйрап турам сен келаткан кезде мен,
Кызганычтан сынып түшүп, майышып.
Бар дүйнөдө бак айтпаган делбирим,
Байкабастан жамгыр жууган жашымды.
Башка менен колтукташып сен бүгүн,
Баратасың жөлөп коюп башыңды.
* * *
Ошондогу сага суктанам,
Оюңа кир жугуп-жукпаган.
Окуучу кыз аруу, таптаза,
Он сегизге чыгып-чыкпаган.
Баёо мүнөз, күлүп, каткырып,
Байке десең сүрдөп, аптыгып.
Башкача бир сезим байырлап,
Байкабастан калгам жактырып.
Мектеп жакка эңсөөм күч алып,
Мен да “окуучу” болдум күз айы.
Билип-билбей түркүн ой жооруп,
Бизди ушактап жүрдү бүт айыл.
Күүгүм тарта күтүп эшиктен,
Күндөрүм шаң сага кезиккен.
Отуз жашка таяп калсам да,
Он тогузда өзүм сезип мен.
Бир көрбөсөм күнүм батчу эмес,
Бир ишке да көңүл чапчу эмес.
Кошуналар таанып, а тургай,
Корооңдогу итиң капчу эмес.
Канча сездим жайдын аптабын,
Канча кечтим кыштын ак карын.
Канча бастым сенин көчөңдө,
Канча жаздым сүйүү каттарын…
Өтүп күндөр үшүп, үргүлөп,
Өтүгүмө жерди сүргүлөп,
Жолдон өлдү канча сааттарым,
Жолугушуу үчүн бир мүнөт.
Жандырмагын чечип түйүндүн,
Жалындадык, сүйдүм, сүйүлдүм.
Кайып буйруп келдиң бир күнү,
Кадыркечи болуп үйүмдүн.
Берсе кудай мага күч гана,
Берем дечүм баарын бүт сага.
Берекем ай, кайра мен үчүн,
Белек кылып бердиң үч бала.
Тагдыр болду бизди жуптаган.
Тааныштардын сөзүн укпаган,
Тандап алган менин дүйнөмдү,
Табитиңе сенин суктанам…
Табитиңе сенин суктанам…
* * *
Эх, ошол кез! Ошондогу айылда,
Эч ким илип олтурчу эмес эшигин.
Бөбөктөрдү коңшусуна дайындап,
Бөлөп коюп кете берчү бешигин.
Чака-челек мелт-калт толгон айран, сүт,
Чакырылбай өзү келген коноктор.
Бүлүк түшкөн, күлүп түшкөн кайран кез,
Бүгүн менин балдарыма жомоктой.
Жакындатып туруучу эле баарысын,
Жапыз үйлөр, жапырылган тор зымдар.
Жакшы адамдар акысыз да, кайрымсыз,
Жардамдашып бири-бирине кол сунган.
Айыл жапырт чогулушуп түлөөгө,
Ала чуркап идиш-аяк, төшөгүн.
Келин алып, кыз узатса бирөөлөр,
Келип баары көркү чыкчу көчөнүн.
Мезгил өттү. Мерестикти үйрөндүк,
Мен барбаймын телефондон чалбаса.
Басып бирөө алуучудай үйлөрдү,
Баарыбыз тең койдук темир дарбаза.
Эсеп-чоттун эбин тапты келиндер,
Эзелкидей ичпей калдык айранын.
Саап-саабай, чыгып-чыкпай желинден,
Саалган сүттөр самын-чайга айланып.
Жалпыбыз тең пенде экенбиз бир акма,
Жасап-түзөп үйдүн ичин оңдодук.
Кенен кылдык бөлмөлөрдү бирок да,
Кеткени жок пейилибиз чоң болуп.
Эх, ошол кез! Мен кичине чагымда,
Эч ким кулптап бекитчү эмес эшигин.
Жөпжөнөкөй жыгач болчу каалга,
Жөлөп коюп кете берчү өтүгүн.
КЫШ БАРАКТАРЫ
Көөдөн бош, эмнегедир чөгөт көңүл,
Көчөнүн аяк-башын токуп туман.
Кар төгөт, кабыргамды сөгөт менин,
Качанкы ырларымды окуп турам.
Эриктим, эч силерди көрө албадым,
Эскирген эсил сөздөр түк кетпеди.
Дүйнөнүн чындыгына көнө албадым,
Дүмүрдү тургузууга күч жетпеди.
Сагынчым айтып келип кеп түгөндү,
Санаанын сан жылдызы жанып көктөн.
Эх күндөр! Силер дагы кеттиңерби,
Эси жок бирөөгө окшоп чанып кеткен.
Тойдум мен тогоосу жок калыстыкка,
Томуктай жер үстүндө жоктой кызык.
Аттигиң алыс, алыс, алыстыкка,
Атылып кетким келет октой сызып.
Тымтырстык… Тынч бөлмөдө оюм сынат,
Тышта кар ачып жатат кыш барагын.
Аргасыз пенделикке моюн сунам,
Аңгырап боштук ээлейт туш тарабым.
Бийледик бийик күйгөн жалындарга,
Бир болдук, кайра бирден ыдырадык.
Эми биз кайсыл тоонун жалын кармап,
Эми биз кай талааны кыдырабыз.
Кайрылып келүүчүдөй кайра баары,
Караймын бир чекитин аста шыптын.
Мезгилдин арабасын айдап алып,
Мен бүгүн өзүмө-өзүм касташыпмын.
Жаштыктан, жакшылыктан элес берип,
Жарыгын жанып турган кечки Бишкек.
Калтырып бизди кошкон элет жерин,
Калаадан бактыбызды кеттик издеп.
Узадык үн жетпеген чакырымдай,
Учушту асыл жылдар закым болуп.
Жашоону өтөп келем акырын, жай,
Жалгыздык досумдан да жакын болуп.
Кезикпей, алыстадың кача бердиң,
Кезишпейт биздин жолдор бөлөк жолдой.
Кыялга жетеленип баса бердиң,
Кыйналып турган чакта жөлөк болбой.
Чачылдым чамам жетпей жыйнаганга,
Чакырдым жакындарым келишпеди.
Суроолор сулуулардай ыйлаганда,
Суу перим сени күттүм деңиздеги.
Туюктук… Мыкчып турам башты мына,
Турмуштан жок издепмин, бар издебей.
Тумчугуп туман баскан жаштыгыма,
Туулгум келди кайра наристедей.
Убакыт айланганда күчтөй басып,
Унуттум бүтүн баарын деймин дагы.
Түшүнүп бүгүнкүнү бүтпөй жатып,
Түйшүгүн эртеңкинин жеймин жаңы.
Үшкүрүк бүткөн бойду тушап кетип,
Үшүгөн жолду тиктейм бар кабардай.
Биз күздө каркырадай узап кетип,
Биз кышты тоскон жокпуз каргалардай.
Чындыкты түтүн сымак үйлөп коюп,
Чылымга мүнөт сайын ышталамын.
Күн кыска. Кар чатырда үймөк болуп,
Күүгүмдө ачып жатат кыш барагын…
1998-ж.