Шаардык сот Темирлан Султанбековду абакта калтырды

Автор

Бишкек шаардык соту 29-январда Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун жана партия мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевердин бөгөт чарасы боюнча апелляциялык арызды карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
Эске салсак, 9-январда Бишкектин Свердлов райондук соту аларды 13-февралга чейин камакта калтырган.
Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылдын 13-ноябрынан бери камакта калууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Казакстанда бензин менен дизелдик отунду экспорттоого тыюу салынды

Казакстандын бийлиги бензин менен дизелдик отунду үчүнчү өлкөлөргө, анын ичинде Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнө да темир жол жана автоунаа аркылуу экспорттоого тыюу салды. Бул тууралуу Казакстандын Энергетика министрлиги, Улуттук коопсуздук комитети, Каржы министрлиги жана Ички иштер министрлиги тарабынан кабыл алынган буйрук мамлекеттик ачык нормативдик-укуктук актылар порталында жарыяланды. Бул чаралар […]

You May Like