Шаардык Кеңештин чечими колдоо тапкан жок

Автор

“Ош шаарынын мэрин кызматтан алуу боюнча чечимибиз колдоо таппаптыр. Бул боюнча президенттик администрациянын расмий жообу келди”,- деп билдирди Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков. “Эми мурдагыдай эле иштешип кете беребиз. Маселе жок”,- деди.
Эскерте кетсек, өткөн айда 42 депутаттын 32 депутаты мэр Бакытбек Жетигеновду кызматынан кетирүү боюнча чечим чыгарышкан. Ага шаардык Кеңештин токтомдору аткарылбай жатат деп билдиришкен эле.

Бөлүшүү:
Next Post

Ким шайланган болсо, Курултайга ошолор гана катыша алышат

15-16-декабрда өтө турган Элдик курултайга ардактуу коноктор чакырылбайт. Мындай маалыматты мамкатчы Сүйүнбек Касмамбетов билдирди. “Ким шайланган болсо, Курултайга ошолор гана катыша алат, алардын саны – 700 адамдан турат. Анын ичинен республиканын бардык аймактарынан – 640, этностук өкүлчүлүктөрдөн – 30 жана чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан – 30 делегат”,- деди. Ал эми […]

Сизге жагышы мүмкүн