Шаардык кеңештерге боло турган шайлоого Бишкектен 4 партия катышат

Автор

Бишкек шаардык кеңешине өтө турган шайлоого катышуу үчүн 4 партия арыз берди. БШКнын маалыматына караганда Бишкек шаардык кеңешине 51 депутат шайланат.
Учурда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына арыз берген партиялар:
«Жаңы Кыргызстан»
«Эл Үмүтү»
«Социал-Демократтар»
«Жаңы күч — Новая сила».
Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн башталып, 7-октябрда саат 18:00гө чейин аяктайт.

Бөлүшүү:
Next Post

Япониянын өкмөтү отставкага кетти

Премьер-министр Фумио Кисида башында турган Япония өкмөтү отставкага кетти. 1-октябрда өлкөнүн парламенти жаңы министрлер кабинетинин башчысын аныкташы керек. Бул кызматка 27-сентябрда башкаруучу Либералдык-демократиялык партиясынын төрагасы болуп шайланган Сигэру Исиба келиши күтүлүүдө. Болжолдонгон жаңы премьер-министр Кисида сыяктуу эле, 67 жашта жана эң тажрыйбалуу саясатчылардын бири. Ал коргоо, айыл чарба министри, калктын […]

Сизге жагышы мүмкүн