Чөнтөк уурулук кылган шектүүлөр кармалды

Автор

Коомдук транспортто бир катар чөнтөк уурулук фактысына шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта ылайык, 18-январда Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБге М.К. аттуу жаран, аталган күнү саат 20:40 чамасында Тоголок Молдо жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги кичи автобустардын биринин салонунан 15 миң сомду түзгөн “Redmi9” маркасындагы уюлдук телефонун чөнтөгүнөн жашыруун уурдап кетишкен белгисиз адамдарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган.
Аталган факт Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
«Шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон 1997-жылы туулган Д.Д., 2001-жылы туулган Н.А жана 2000-жылы туулган К.Б аттуу жарандар аныкталып, кармалган. Райондук башкармалыктын Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту шектүүлөргө карата Бишкек шаарындагы №1 Тергөө камак жайына эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады», — деп айтылат маалыматта.
Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөрдөн мурда кылмыш жолу менен алынган уюлдук телефон табылып, алынган.

Бөлүшүү:
Next Post

"Интер" Италиянын Суперкубогун жеңип алды

Эр-Риядда (Сауд Аравиясы) Италиянын суперкубогу үчүн финалдык беттеш өттү. Бул беттеште «Интер» «Наполи» командасын минималдуу 1:0 эсебинде утуп алды. Кубоктун тагдыры финалдык беттештин акыркы мүнөттөрүндө чечилип, «Интердин» аргентиналык чабуулчусу Лаутаро Мартинес жеңиш голун киргизди. Экинчи таймдын башында неаполитандыктар он киши менен калып, Жованни Симеоне экинчи сары айып кагазын алып, оюндан […]

Сизге жагышы мүмкүн