Чүй облустук бириккен ооруканасына профессор Эрнст Акрамовдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Эрнст Хашимович Акрамовдун хирургиянын өнүгүшүнө таасирин тийгизген хирургиялык практиканы жана дарылоонун инновациялык ыкмаларын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана жетишкендиктери белгиленди.
“Анын тажрыйбасы жана жөндөмү медициналык практикада кесипкөйлүктүн жана жогорку сапаттын үлгүсү боло алат”, – деп айтылат маалыматта.