Чүй облустук прокуратурасы алдамчылык боюнча козголгон иштердин абалын билдирди. Бул тууралуу аталган облустук прокуратурасынан билдирди.
Маалыматка ылайык, тергөөнү жана изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырган органдардын ишмердүүлүгүнө прокурордук көзөмөл, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун тармактык буйруктарынын (көрсөтмөлөрүнүн) талаптарына ылайык жүргүзүлүп келет.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине ылайык, алдамчылык – бул алдоо же ишенимин кыянаттык менен пайдалануу жолу менен олуттуу эмес өлчөмдөгү башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу же мүлккө болгон укукка ээ болуу саналат.
Ушул берененин 2, 3, жана 4-бөлүмдөрүндө көрсөтүлгөндөй, ошол эле жосун олуттуу өлчөмдө, адамдардын тобу тарабынан, алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, ири өлчөмдө, өзгөчө ири өлчөмдө, уюшкан топ тарабынан, кылмыштуу коомдоштуктун курамында жана кызматтык абалын пайдалануу менен жасалышы мүмкүн.
2024-жылдын 9 айында, Чүй областынын укук коргоо органдарынын тергөө кызматтары тарабынан алдамчылык фактысы боюнча 687 (2023-жылдын 9 айында 969) кылмыш катталып, анын ичинен 596 (2023-жылдын 9 айында 885) кылмыштын бети ачылып, кылмыш жоопкерчилигине тартылган же 86,7% (2023-жылдын 9 айында 73,9%) түзөт.
Белгилей кетсек, аталган категориядагы кылмыштын ичинен уюлдук телефон чалуу менен коштолгон алдоо фактысы басымдуураак, б.а. өзүн банктын же кызматтын кызматкери, жакын бир тууганы деп тааныштырып, ар кандай жагдайларды чагылдыруу аркылуу мобилдик тиркеме аркылуу акча каражатын бөтөн адамга которууга же жөнөтүүгө байланышкан фактылар орун алган.
Бул багытта, укук коргоо органдары тарабынан массалык-маалымат каражаттарында жана интернет булактарында көп жолу эскертүүлөр жарыяланган, бирок айрым жарандар тарабынан мындай алдоолордун курмандыгы болуп калуу тенденциясы сакталууда.
Чүй областынын прокуратурасы тарабынан, алдамчылык тууралу кайрылуулардын жана билдирүүлөрдүн негизинде катталган материалдар боюнча толук жана ар тараптуу тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүү, кылмыштын курамы так аныкталганда гана кылмыш ишин козгоо чечимин кабыл алуу, ал эми Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 154-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган жагдайлар орун алса, т.а. жазуу жүзүндө түзүлгөн же сотто каралып жаткан жарандык-укуктук бүтүмдөрдү аткарбаганда же талаптагыдай аткарбаганда, анда кылмыш иштерин козгоого жол бербөө тууралу корсөтмөлөр тергөө органдарына өз учурунда берилген.