Чүй областынын прокуратурасы кыйноолорго каршы текшерүү жүргүздү

Автор

Прокуратура органдары Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун «Жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин чектеген тергөө жана атайын тергөө амалдарын жүргүзүүнүн мыйзамдуулугун жана кыйноолорду, мамиле жасоонун жана жазалоонун адамгерчиликсиз, катаал же адам аброюн түшүрүүчү башка түрлөрүн колдонууга тыюу салуунун Конституциялык кепилдиктерин камсыз кылууга прокурордук көзөмөлдү уюштуруу» жөнүндөгү 05.03.2024-жылдагы 16-б сандуу буйругунун негизинде төмөнкү иш-чаралар алып барылган.
2024-жылдын 1 кварталында жылдыгында прокуратура органдары тарабынан жалпысынан 103 (80) капысынан текшерүүлөр жүргүзүлгөн.
Облустун прокуратура органдары тарабынан жүргүзүлгөн күтүүсүз текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен мыйзамдын талаптарын бузуу фактылары боюнча кылмыш иштери козголгон эмес.
Аталган мезгилде прокуратура органдарына ички иштер органдарынын кызматкерлери уруп кыйноолорду колдонгон жана башка адамкерчиликсиз фактылар боюнча арыз-даттануулар түшкөн эмес.
Ошондой эле областтык прокуратура органдары тарабынан жарандар арасында кыйноого каршы күрөшүү жөнүндө маселелер боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө, андан сырткары ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасында кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилелердин жана жазалардын түрлөрүнүн болтурбоо боюнча дайыма профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандын аймагында жер силкинди

Кыргызстандын аймагында бүгүн, саат 15.18 өткөндө күчү 3,5 баллга жеткен силкинүү болду. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди. Маалыматка караганда, анын очогу Кант шаарынан 10 чакырым, Бишкектен түштүктү карай 30 чакырымдыкта жайгашты. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн