Чүй милициясына 20 кызматтык унаа тапшырылды

Автор

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгына 20 кызматтык унаа тапшырылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
“ВАЗ-НИВА-21214” үлгүсүндөгү автоунааларды тапшыруу иш-чарасы Чүй облусунун аймагында өткөрүлүп жаткан “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” аталышындагы элдин коопсуздугун чыңдоого арналган форумдун алкагында бүгүн Бишкекте тапшырылды. Иш-чарага ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов катышты.
Жаңы кызматтык унаалар укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулук менен күрөшүү жана Чүй ОИИББдин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, калкты тейлөөнүн сервистик сапатын жакшыртуу максатында Кемин, Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл, Панфилов райондук жана Токмок шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн милициянын айылдык бөлүмчөлөрүнө жана Чүй ОИИББдин Коомдук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилди

Бөлүшүү:
Next Post

Американын Украинага жөнөтүлгөн аскердик жардамынан коррупция аныкталды

Жемкорлукту иликтөө боюнча Украинада Американын Коргоо министрлиги менен Мамлекеттик департаментинин өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссия 57 фактыны далилдеген. Бирок, эки жыл ичинде анын 14 фактысы гана жыйынтыкталды. Пентагондун башкы инспектору билдиргендей, Украинага жөнөтүлгөн аскердик жардам көрсөтүү учурунда айрым кызматкерлер коррупцияга аралашкан. Алардын кээ бири камакка алынышкан. Маселен, 2021-жылда АКШнын 7 аскери кээ […]

Сизге жагышы мүмкүн