Чүй облусунда жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуунун алдын алуу жана бөгөт коюу максатында иштер активдүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Чүй облусунун коллегиясында айтылды.
Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев өткөргөн коллегияда буга чейин жарандарга жер тилкелерине 6556 мамлекеттик акт берилгени белгилүү болду.
Кошумчалай кетсек, берилген 19 миң 361 арыз коомдук угуудан ийгиликтүү өтүп, тиешелүү мамлекеттик документтерди берүүгө даярдык көрүлүүдө.