Бүгүн, 17-майда эрте мененки саат 9:00 чамасында куралчан террористти кармоо учурунда ок атышуу болду. Былтыр Ош шаарында акча карактагандардын бириси Дмитриевка айылында баш калкалаган. Кармап келүү учурунда күч кызматкерлери багынып берүүсүн талап кылган. Бирок, террорист куралынан ок чыгарган. Жыйынтыгында атышуу орун алып, террорист жок кылынды. Ал эми ок тийген эки милиция кызматкерлери ооруканага жаткырылып, абалы канааттандырарлык экени айтылды.