Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков Чүй облусунун дыйкандарына көбүрөөк кредит берилиши керектигин айтты. Ал бүгүнкү жалпы жыйында министрлер кабинетинин орун басары Бакыт Төрөбаевге кайрылып, ” керек болсо, Жалал-Абадыңыздын дыйкандары көчүп келген. Азыр Чүйдө бардык облустардын дыйкандары толуп алган. Андыктан, башка облустардыкын кемитип, Чүйгө көбүрөөк бергиле”,-деди.