Чыңгыз Бапаев Алай районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
«Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Бапаев Чингиз Арстанбекович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Ош облусунун Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды», — деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин Азамат Кожомамбетов берген арызынын негизинде кызматынан бошотулган.