Чыпалагыңыз мүнөзүңүз жөнүндө эмнелерди билдирет?

Автор

Кол – укмуштуудай нерсе. Анын жардамы менен баарлашабыз, мамиле түзөбүз, тамак бышырабыз, кол чабабыз … Бирок биздин мүнөзүбүз жөнүндө биздин колубуз көп нерселерди айтып бере аларын билдиңиз беле?

Мисалы, чыпалактын аты жокко салыштырмалуу узундугу боюнча өтө маанилүү маалыматты табууга болот. Бул сизге кызыктай сезилиши мүмкүн, бирок чын!

Чыпалагыңызды карап, жогорудагы сүрөттөн анын кайсы түрү экендигин аныктаңыз: 1, 2 же 3.

Эми анын маанисин окуп чыгыңыз:

Биринчи түр.

Эгерде чыпалак аты жоктун биринчи сызыгынын деңгээлинде бүтсө, бул анын ээсинин тең салмактуу инсандыгын көрсөтөт. Мындай адам тартипке, тынчтыкка жакын, ал инстинкттүү түрдө башаламандыктан алыс качат.

Ал бардык нерсени өз ордунда сактоону жактырат, бирок ошол эле учурда ал, баарынын жүрөгүн айланткан педант жана перфекционист эмес. Аны нерв кыла турган нерсе бул жашоодогу тең салмактуулуктун жоктугу.

Мындай алакан формасындагы адам эмоционалдык, сексуалдык жана интеллектуалдык жактан тең салмактуу. Анын ойлору токтоо, чечимдери кылдат, ойлору толук талдоодон кийин гана түзүлөт.

Ал сөз сүйлөөдөн же жыйынтык чыгарардан мурун жакшылап ойлонуп чыгат. Анын ишеними өзүнүн жеке касиетин терең түшүнүүдөн келип чыгат, андыктан аны солкулдатуу кыйын.

Ден-соолугу:

Депрессияга жакын, ошондуктан достору менен бат-бат баарлашып туруу керек!

Экинчи түр.

Эгерде чыпалак аты жоктун биринчи сызыгынын жогору жагында чыгып турса, анда ал талап кылынгандан да ашыкча берген адамдардын тибине кирет. Кесиптик ишмердүүлүк болобу, жеке жашоо же романтикалык мамилелер болобу. Анын үстүнө, бул бирөөнүн буйругу менен эмес, ички муктаждыктан келип чыгат. Мындай айкөлдүгү менен алар башкалардан айырмаланып турушат.

Мындай типтеги адамга ар кандай сырды ишенүүгө болот. Ал алган маалыматына сылык жана кылдат мамиле кылат.

Анын акылын чайкоо кыйын. Ал башкалардан күткөн бир гана нерсе – бул акыйкаттык. Ал сүйүүсүн жана айкөлдүгүн өз эрки менен берсе дагы, анын ордуна ушундай нерсени алгысы келет. Жок, ал сурабайт, бирок тереңде күтүп турат.

Мындай колдун ээси инстинктивдүү түрдө аны жакшы түшүнгөндөргө, аны кандай болсо, ошондой кабыл алгандарга тартылат.

Ден-соолугу:

Ашыкча максат коюу стресске алып келиши мүмкүн, андыктан эс алууну унутпашы керек!

 

Үчүнчү түр.

Чыпалак аты жоктун биринчи сызыгынына жетпеген кыска болсо бул түргө таандык экендигин көрсөтөт. Колдун мындай өзгөчөлүгүнүн ээси эмоционалдуу жана сезимтал келет.

Мындай адам башка бирөөгө жардамга келүү үчүн, ар дайым өз иштерин таштоого даяр. Эгер ал бирөөнү жүрөгүнө жакын киргизсе, анда аны өмүр бою жанында калтырат. Бирок ага чыккынчылык кылса же күткөндөй болбой калса, ага катуу тийет, анткени ал мындай бурулушка даяр эмес.

Экинчи жагынан, мындай сезимталдык ушул типтеги адамга башка адамдардын эмоциясын жакшы түшүнүүгө, өзүн алардын ордуна коюуга мүмкүнчүлүк берет. Ал дүйнөгө жан дүйнөсүнүн жылуулугун берешендик менен бере алат жана бул сейрек сапаттар адамгерчиликке, көңүл бурууга жана ага кам көрүүгө муктаж адамдарды өзүнө тартып турат.

Ден-соолугу:

Тамак сиңирүү органдарынын иштебей калуу коркунучу бар, ошондуктан тамактануу режимин байкап, көп суу ичиши керек.

Бөлүшүү:
Next Post

Евро-2024: Бүгүн Германияда чүчү кулак кармоо аземи өтөт

Бүгүн, 2-декабрда Гамбургда Евро-2024 финалдык турниринин чүчү кулак ташы өтөт. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты билдирди. Маалыматка ылайык, ноябрь айында тандоо турнири аяктагандан кийин Евро-2024тун 24 катышуучусунун 21и белгилүү болду. Германиянын чемпионатынын кожоюнуна 20 команда – жеңүүчүлөр жана тандоо тайпаларынын экинчи командалары кошулду. 2024-жылкы Европа чемпиондугунун дагы үч катышуучусу плей-офф […]

Сизге жагышы мүмкүн