Бир жигит жанынан өтүп бараткан мектептеги биринчи мугалимин таанып калат. Анан дароо карыянын жанына барып:
– Агай, сиз мени эстедиңизби? Мен сиздин окуучуңуз болом дейт.
– Ооба, сени үчүнчү класска чейин окуткам, билем. Эми эмне кылып жатасың?
– Мен, азыр сизге окшош мугалиммин.
– Кызык, мындай кесип тандоого эмне түрткү болду?
– Эмне эмес, бирок ким десеңиз?
– Сиз, өзүңүз да!
– Мен… мен биздин кесипке кантип шыктандырдым экен?
– Себеби, сиз мага ушунчалык таасир бергенсиз, мен дагы окуучуларым болушун кааладым.
– Кызык го, менин таасирим кандай болду?
– Чындыгында эсиңизде жокпу? Анда айтып берейин.
Бир жолу классташым ата-энеси белекке берген абдан кооз саатты көтөрүп, сабакка келди. Ал сааттын чечип, партанын суурмасына койду. Мен буга чейин ушундай сааттым болсо деп кыялданчумун. Анан туруштук бере албай, саатты суурмадан алууну чечтим. Көп өтпөй, ал бала көзүнө жаш алып, уурулукка даттанды. Сиз баарыбызды карап: “Ушул баланын саатын ким алган болсо, кайтарып берсин”, – дедиңиз.
Мен аябай уялдым, бирок саатты бергим келген жок, андыктан мойнума алган жокмун. Сиз эшикти бекитип, баарыбыз дубалдын боюна тизилгенден кийин мындай дедиңиз: “Бардык чөнтөктөрүңүздү текшерем бирок, көзүңөрдү жумушуңар керек”. Биз бул шартка баш ийдик, ошондо мен өмүрүмдөгү эң уят учурду сездим.
Сиз окуучудан окуучуга, чөнтөктөн чөнтөккө өтүп,анан менин чөнтөгүмдөгү саатты алып бирок андан ары издегенди уланта бердиңиз. Андан кийин “балдар, эч нерсе эмес, көзүңөрдү ачып, парталарыңарга отурсаңар болот”, – дедиңиз. Саатты ээсине кайтарып берип, бул окуя боюнча бир дагы сөз айткан жоксуз.
Ошентип, ошол күнү сиз менин ар-намысымды жана адамдыгымды сактап калдыңыз. Сиз мени ууру, жалганчы, жаман бала деп булгабай сактап калдыңыз. Бул окуя боюнча мени менен сүйлөшкөн да жоксуз. Убакыттын өтүшү менен аны түшүндүм. Себеби, сиз чыныгы мугалим катары, жаш, али калыптана элек окуучунун кадыр-баркына шек келтирүүнү каалаган жоксуз. Ошондуктан, мен мугалим болууну чечтим.
Бул окуянын таасири менен экөө тең унчукпай калышты. Ошондо жаш мугалим:
– Бүгүн мени тааныдыңызбы?, ошол окуяны эстедиңизби?
Анда улгайган мугалим жооп берди:
– Чындыгында, мен да чөнтөктөрдү көзүмдү жумуп алып карап чыккам …