Абсолюттук мушташ боюнча чемпионаттынын мурдагы чемпиону Конор Макгрегор UFC уюмунун жетекчилигине катуу кайрылды. Ирландиялык ММА мушкери ага атаандаш берүүнү талап кылууда.
“Эми алар апрель айында дешүүдө, ага чейин – декабрда деген болчу. Мага бирөөнү бергиле! Мушташ өнөрүндө эч ким мендей мамиле кылган эмес. Жок дегенде UFCге алып келген акчалар үчүн! Мен күтүп жатам, күтүп жатам, күтүп жатам, бирок чыдамым түгөнүп баратат”, – деп жазган МакГрегорд.
Эске сала кетсек, Макгрегор 2021-жылдан бери ММА боюнча мелдешке чыга элек. Андан кийин ал бутун сындырып, америкалык Дастин Пуарьеге каршы күрөшүн аягына чыгара алган эмес. Ошондон бери беттеше элек.