Чукул билдирүү! 28-29-сентябрда өлкөнүн төрт облусунда үшүк жүрүшү мүмкүн

Автор

28-29-сентябрда өлкөнүн төрт облусунда үшүк жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-29-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен Талас облусунун дыйканчылык аймактарында жана Чүй облусунун тоо этектеринде 0…-2°, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3° чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай үшүк мөмө жана жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

Бөлүшүү:
Next Post

Россия эмне үчүн өзөктүк доктринасын өзгөрткөнү белгилүү болду

Россиянын өзөктүк доктринасын өзгөртүү, достук эмес өлкөлөргө Россияга кол салуунун мүмкүн болгон кесепеттери тууралуу эскертүү болуп саналат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. «Бул өлкөлөргө биздин аймактарга, сөзсүз эле өзөктүк курал менен эмес, кол салган учурда кандай кесепеттер болорун эскертүүчү белги»,-деди Дмитрий Песков. Ал кошумчалагандай, учурда Россиянын […]

Сизге жагышы мүмкүн