Чукул билдирүү: Тоолуу райондордо сел жүрүү коркунучу бар

Автор

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, 2-июлдан 7-июлга чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Сел коопсуздук эрежелерин сактаңыз!
арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;
турак үй жайгашкан жерде жаан суулары — агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;
Үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буруңуз;
сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;
мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.

Бөлүшүү:
Next Post

БУУнун башкы катчысы Кыргызстанды чаап бараткан күлүккө окшоштурду

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Президент Садыр Жапаров менен БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриштин сүрөткө түшүү аземи болуп, андан соң кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөр башталды. Мамлекет башчысы БУУнун Башкы катчысы менен учурашып жатып, Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдүн […]

Сизге жагышы мүмкүн