Чукул билдирүү! Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Автор

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Ага ылайык, 13-июлдан 17-июлга чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
ӨКМ селдин алдын алуу үчүн төмөндөгүдөй коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат:
арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;
турак үй жайгашкан жерде жаан суулары — агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;
үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буруңуз;
сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;
мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.

Бөлүшүү:
Next Post

Алты айда Чүй облусу 1,3 млрд сомго каржыланды

2024-жылдын 6 айында Чүй облусуна 1,3 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер – 346,4 млн сом өлчөмүндө каржыланган: теңдөөчү трансферт – 130,3 млн сом айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 52,6 млн сом; электр энергия болгон 50% компенсациясына […]

Сизге жагышы мүмкүн