Чукул билдирүү! Кыргызстанда жаан жаап, сел жүрүшү мүмкүн

Автор

Кыргызгидромет борбору шашылыш билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, 9-10-сентябрда күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Сел коопсуздук эрежелерин сактаңыз!
– арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;
– турак үй жайгашкан жерде жаан суулары – агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;
– үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буруңуз;
– сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;
– мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстан-Өзбекстан футбол беттешинде коомдук тартипти 3 миңдей милиционер камсыздайт

Бишкекте өтө турган футбол боюнча Кыргызстан – Өзбекстан беттешинде 3 миңдей милиция кызматкери коомдук тартипти камсыздайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, күйөрмандар стадионго кирерде коопсуздук чараларынын алкагында текшерүүдөн өтүшөт. Мындан улам кезекке турууну түшүнүү менен кабыл алып, стадионго беттеш башталганга эки саат калганда келүү […]

Сизге жагышы мүмкүн