Чукул билдирүү! Бишкек менен Чүйдө жакынкы сааттарда катуу шамал болот

Автор

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, жакынкы үч саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырат жана шамал болгон кезде коопсуз жайларда болуу керектигин эскертет.

Бөлүшүү:
Next Post

ХАМАС дүйнө жүзүн “нааразылык акцияларын күчөтүүгө” чакырды

Палестина эли араб жана эл аралык коомчулуктун Газа тилкесиндеги Израилдин агрессиясын токтотуу талабы менен 29-31-декабрга чейин массалык нааразылык акцияларын активдештирүүнү күтүүдө. ХАМАС кыймылынын жетекчилигинин билдирүүсүндө «Биз дүйнө жүзүндөгү эркиндикти сүйгөн адамдарды Жаңы жыл алдында жума, ишемби жана жекшемби күндөрү палестиналыктарга тилектештик акциясына катышууга жана Израил аскерлеринин согуш кылмыштарын айыптоого чакырабыз»,-деп […]

Сизге жагышы мүмкүн