Чукул билдирүү! Аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт

Автор

Кыргызгидромет борборунан билдиришкендей, 7-сентябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар, айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ош, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын айрым жерлеринде жаашы күтүлөт.
Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 19-24 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9°, күндүз +13…+18°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6°, күндүз +13…+18°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөндөрүндө түнкүсүн +8…+13°, күндүз +18…+23°, тоо этектеринде түнкүсүн -2 сууктан +3° жылуулукка чейин, күндүз +9…+14°, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6°, күндүз +8…+13°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн +2…+7°, күндүз +12…+17°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…5°, күндүз +13…+18°, тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6°, күндүз 5…10°, бийик тоолордо түнкүсүн -3…-8°, күндүз +3…+8° ка чейин төмөндөйт.
Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
8-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун тоо этектеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай үшүк мөмө жана жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

Бөлүшүү:
Next Post

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Кыргызстандын улуттук курамасын узатуу аземи өттү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын Астанада шаарында үстүбүздөгү жылдын 8-сентябрынан 14-сентябрына чейин өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган Кыргызстандын улуттук курама командасын узатуу аземине катышты. “Бүгүн биз спортчуларыбызды V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына — дүйнө элдеринин салттарын, маданиятын жана спорттук демин бириктирген иш-чарага узатып жатабыз. Бул оюндар дүйнөгө […]

Сизге жагышы мүмкүн