Чоң кыштакка мэр келди

Автор

Ош үлкөн кыштакчага айланып бараткан эле. Аны айтып, айталекте кээ бир чоңдордун бок ооз немелери сүрөмөлөп, жөөлөп кетишет. Биздин коом бошогон кызмат орундарына ар кимди сунуштап, өзүнө караштуу жетекчилерди мактап, кыскасы кол жоолук болду.
Жашырганда эмне, баарыбыз эле “торпоктун куйругу үзүлгөн жердебиз”.
Өткөн жумада Ошко жаңы жетекчи келди. Өтүк кийип, таңкы 5те текшерүүгө чыккан чоңду эзели көрбөдүк эле. Оштун вице-мэрлерин издеп табуу же, телефон аркылуу сүйлөшүү кыйынга турчу. Жакындан бери галстук тагынып, сени теңсинбей караган психология күм, жам болгондой, азырынча.
Былтыр ошол кездеги депутат Жеңиш Токторбаев Жогорку Кеңеште күпүлдөп, “Кыргызиндустриянын” башчысы Жарасул Абдаимовго катуу муш кезеген. Ал киши да өткөн жума калмакка алынды. Негизи эле Комитет жыйындарында жетекчилерге “өтүк кийип, кыдыргыла, кабинетте отурсаңар иш бүтпөйт”,- деп көп айтчу.
Кыргыз эрте мактап, анан, эрте жектеп жиберген жайыбыз да бар. Бирок, акыйкатты айтпаса да болбойт.
Жеңиш Токторбаевдин УКМК төрагасы менен дос болгону ага кандайдыр бир өзгөчөлүк алып келеби, аны биле албайм. Бирок, генерал досуна таянып, мамлекетке таандык бир жерди менчиктештирип алганын, бирөөлөрдү кызматка түрткөнүн, 4-5 жылдын ичинде байып, көпөс болуп кеткенин көрбөдүк. Бул киши мурдатан эле бай экен. Жалал-Абадда ишканалары, ресторандары бар деп угабыз. Демек, уурдабайт.
Ошко ачкүсөндөй ач жетекчилер эч болбосо, алдыңкы 5 жыл ичинде келбей турса, жакшы болот. Оштун кейпи кедей кембагалдыктын далили. Кыргыз Эл жазуучусу Мурза Гапаровду туурап, “Кыштакча” деген роман жаза тургандар Оштун учурдагы абалын сүрөттөп жазышса, ошол жетет.
Түштүк борбор Жеңиш Токторбаев үчүн чоң сыноо. Эгер жакшы иштеп, элдин оозуна алынса, Бишкек шаарына мэр же, андан да чоң кызматка барышы мүмкүн. Эгер 2 жыл сүдүрөлүп иштеп кеткен мэрлердин катарын толуктаса, достору далысын таптап, бир облуска жөнөтүп кутулушат. Андыктан, билимин, тажрыйбасын, аракетин мүмкүн болушунча жумшап, эң ириде, өзүн, үй-бүлөсүн, бүткүл командасын жер каратпашы керек. Бул кишинин убактысы аябай аз.

Бөлүшүү:
Next Post

Ашууларда абал айтылды. Жол ачык, каттам бар

Бүгүн, 30-январга карата өлкөнүн ашууларында каттам бар, жолдор ачык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Жолчулар атайын кезметке туруп, өзгөчө тайгак тилкелерге күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат. “Кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге […]

You May Like