Чоң жолдо төрт жүк ташуучу, жети жеңил унаа кагышты

Автор

Москванын жанында М-2 “Крым” трассасында төрт жүк ташуучу унаа жана жети жеңил унаа кагылышты. Кырсык тууралуу Россиянын Ички иштер министрлигинин Москва облусу боюнча башкармалыгы Telegram-каналында билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, кырсык автожолдун 103-чакырымында, Серпухов шаардык округунда болгон. Жүк ташуучу унаанын айдоочусу үч жүк ташуучу унаа жана жети жеңил унаа менен кагылышкан.
Алдын ала маалыматтар боюнча кырсыктан үч адам каза болуп, дагы үчөө жаракат алган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 8 – октябрь саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 84 сом 87 тыйындан болсо, сатуу 85 сом 34 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 84 сом 70 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн