Жапониянын Хиросима шаарында “Чоң жети” блогуна кирген өлкөлөрдүн башчыларынын саммити башталды. Алар Англия, Германия, Италия, Канада, Франция, Жапония жана Америка кошмо штаттары. Мындай маалыматты Reuters маалымат агенттиги таратты.
Саммитке Орусия менен Кытайдан өкүлдөр чакырылган. 3 күнгө созула турган саммитте Украинадагы согуш жана Орусияга каршы жаңы санкциялар талкууланат.