Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги “Ош облусунун Чоң-Алай районунун аймагында “Чоң-Алай” мамлекеттик жаратылыш паркын түзүү жөнүндө” министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун коомдук талкууга койду.
Документке ылайык, демилге өзгөчө корголуучу жаратылыш комплекстерин жана Чоң-Алайдын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо, сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан жаныбарларды коргоо максатында иштелип чыккан.
Бул демилгени Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун адистери колдоого алышты.
Чоң-Алай мамлекеттик жаратылыш коругунун аянты 66 830,79 гектарды түзөт.
Жерлерди «Мамлекеттик токой фондусунун жерлери» жана «Запастагы жерлер» категорияларынан «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери» категориясына тиешелүү түрдө которуу жаратылыш комплекстерин сактоону камсыз кылууга, атап айтканда, токой чарбачылыгын бекемдөөгө багытталган. Ошондой эле токойлордун экологиялык, сууну жөнгө салуучу, топурагын жана башка пайдалуу функцияларын, жапайы жаныбарлардын жашоо чөйрөсүн (көбөйүү жана миграциялык жолдорун), өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын уникалдуу түрлөрүнүн чөйрөсүн сактоого шарт түзөт.
Чоң-Алай мамлекеттик жаратылыш коругунун түзүлүшү Кыргыз Республикасынын жана Жаратылышты коргоонун эл аралык союзунун Кызыл китебине кирген жаныбарлардын жана жогорку өсүмдүктөрдүн түрлөрүн/түрчөлөрүн, мисалы, карды сактоого багытталган кеңири чараларды ишке ашырууга көмөктөшөт.
Алар – илбирс, күрөң аюу, орто азиялык кундуздун, сүлөөсүн жана бүркүт, көк жору, кытан, кумай, кылкан тушмук жылан, жаянбалык, Христоф сары көпөлөгү жана башка сейрек кездешүүчү өсүмдүктөрдүн түрлөрү.