Чоң аба майданы курулат. Кайда?

Автор

“Азыр чоң- чоң инвесторлор келе баштады. Алар Ысык-Көлдүн суусуна кызыгып келип жатышкан жок. Мамлекетибиздин бардык жагына келип жатат”, – деди Камчыбек Ташиев.
Ал Жалал-Абад облусуна чоң аба майданынын курулушу башталаарын маалымдады. Ошондой эле Жалал-Абад шаарына 450 млн долларлык инвестиция келээрин жана ага президент Садыр Жапаровдун мезгил кутучасын салаарын кошумчалады. Бул инвесторлор нефтини кайра иштеп чыгаруучу завод курушу мүмкүн. Анткени, УКМК төрагасы “Кыргыз Петролеум Компаниясынан” сөз кылып жатып, “нефтини кайра иштеп чыгаруучу кичинекей заводубуз бар эле. Ошол жерге 400 млн долларлык инвестиция келип жатат”,- деп айтты.

Бөлүшүү:
Next Post

Доналд Трамптын небереси чоң атасын кантип колдоду?

АКШда президенттик шайлоонун үгүт иштери дале уланууда. Талапкерлердин жолугушуулары жалындуу сөздөр менен коштолуп жатат. Өткөн жумада Доналд Трамптын небере кызы чоң атасын колдоо максатында эл алдына сөзгө чыгып, аны камкор, боорукер, жумшак мүнөздүү ата деп сыпаттады. “Ал дайыма телефон чалып, кайда жүргөнүбүздү сурап турат. Кээде мектепте, сабак учурунда деле. Азыр […]

Сизге жагышы мүмкүн