“Көрүп жатасыздар, азыр кандай болуп жатат. 20-30 жыл мурда алып, иштетип, каражат коротуп, өнүктүрүп, өстүргөндөн кийин туура эмес менчиктештирүү болгон экен деп артка кайтарып алуу маселеси көп болуп жатат да. Кыргызстан боюнча маселе бар азыр, элдин ичинде”,- деп билдирди депутат Чолпон Султанбекова. Ал көптөгөн жарандар кайрылып жатканын айтып, 20 жылдан бери иштетип жүргөн үлүш жерлерин баш кылып, прокуратура сот аркылуу мамлекетке өткөзүп жатканын, мындан улам бул маселени карап чыгуу керектигин айтты.