Чолпон-Ата шаарында самбо боюнча дүйнө кубогу өтүүдө

Автор

Бүгүн, 15-августа Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Газпром” спорт комплексинде самбо боюнча дүйнө кубогу башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдешке 14 мамлекеттен келген 250дөн ашык спортчу катышууда.
Килемде спорттук самбо боюнча эркектер арасында 58, 71, 88, +98 кг салмакта, күжүрмөн самбо боюнча 64, 79, 98 кг салмакта жана кыз-келиндер арасында спорттук самбо боюнча 54, 59,72, 80 кг чейинки салмакта категорияларында беттештер өтөт.
Бүгүн чыга турган улуттук курамдын тизмеси:

Спорттук самбо (кыз-келиндер арасында):

– 54 кг Акак Үсөн кызы, Аяна Рыскулбекова;

– 59 кг Аида Асанбекова, Улара Карыпбекова;

– 72 кг Динара Камчибекова, Адинай Алмазова

– 80 кг Назима Амантурова,

Спорттук самбо (эркектер арасында):

– 58 кг Камил Оболбеков, Сандар Марип уулу

– 71 кг Алай Сартов, Олжобай Күйкөнов;

– 88 кг Жамалбек Асылбек уулу, Фарух Мамаджанов;

– +98 кг Бекболот Токтогонов, Нуртилек Рысбеков.

Күжүрмөн самбо (эркектер арасында):

– 64 кг Саяк Бараканов, Исланбек Өмүржан уулу;

– 79 кг Элзар Орозалиев, Вахап Абдуллаев;

– 98 кг Нурсултан Тайлаков, Кошаалы Назаркулов.

Эске салсак салсак, курама команда башкы машыктыруучу Азамат Казакбаев жана Ильгиз

Каналбек уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышууда

Бөлүшүү:
Next Post

16-августта күтүлгөн аба ырайы

16-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 20…25, күндүз 30…35; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34; Баткен, Ош, […]

Сизге жагышы мүмкүн