Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия жаштар форуму уланууда

Автор

Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” комплексинде Борбор Азия жаштар форумунун экинчи күнү башталды. Иш-чара кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Форумдун башталышында Манастан үзүндү айтылып, андан соң форумдун катышуучуларына Чыңгыз Айтматов тууралуу видео тасма тартууланды.

Форумдун ишине Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген жаш делегаттар, көрүнүктүү жаш лидерлер, активисттер, мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Иш-чара алты панелдик сессия менен өтөт.

Борбор Азия жаштар форумунун расмий ачылышында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, мамлекеттик жана коомдук ишмер, КР улуттук академиясынын академиги Осмонакун Ибраимов, Казакстандын маалымат жана коомдук өнүгүү министрлигинин өкүлү Алмагуль Кутанова, Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам паалатасынын алдындагы Парламенттик изилдоо институтунун өкүлү, жаштар парламентинин төрайымы Шахноза Жолдасовалар сөз сүйлөдү.

Борбор Азия жаштарынын башын бириктирген форум дүйнөлүк маданиятка жана адабиятка зор таасир тийгизген кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнө жана калтырып кеткен мурасына арналып, ал өзгөчө орун ээлеген окуя болуп калмакчы.

Иш-чаранын максаты – жаштардын жана жалпы эле коомдун өнүгүүсүнө шарт түзгөн жаратман идея, тажрыйба жана билим алмашуу аянтчасын түзүү болуп саналат.

Бөлүшүү:
Next Post

Эртең Чолпон-Ата шаарында Көк бөрү боюнча Дүйнө кубогу башталат

Эртең, 13-августта Ысык-Көлдө көк бөрү боюнча клубдар аралык Дүйнө биринчилиги  башталат. Бул тууралуу КР Көк бөрү федерациясы билдирди. «Спорттук иш-чара үч форматта өтүп, ага сегиз мамлекеттен 12 клубдар катышат. Биринчи форматта Кыргызстан менен Казакстандын Жогорку лигасында ойногон төрттөн сегиз клубу катышат. Анда Кыргызстандан «Сары-Өзөн», «Достук», «Ынтымак», «Мурас» клубдары ойнойт. Бул […]

Сизге жагышы мүмкүн