Чолпон- Атада “Мейкин Азия” III эл аралык Ысык-Көл фестивалы өтөт

Автор

Үстүбүздөгү жылы 18-20-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында популярдуу музыка аткаруучулардын “Мейкин Азия” III эл аралык Ысык-Көл фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, фестиваль Кыргызстанды дүйнөлүк маданий жана туристтик мейкиндикке интеграциялоого багыт алып, келечекте популярдуу музыка аткаруучулардын башын бириктирген ири аянтчага айланат.

Азия жана Европа өлкөлөрүнүн мыкты аткаруучулары, ошондой эле Казакстан, Түркия, Россия, Түштүк Корея, Кытайдан мейман катары келген эстрада жылдыздары көгүлтүр көл жээгинде улуттук жана дүйнөлүк хит ырларды тартуулайт.

Эл аралык Ысык-Көл фестивалынын максаты маданияттардын диалогу аркылуу маданий мурастарды өнүктүрүү жана сактоо, таланттуу жаш аткаруучуларды табуу жана колдоо, Кыргызстандын туристтик потенциалын өнүктүрүү болуп саналат.

Бөлүшүү:
Next Post

10-августта күтүлгөн аба ырайы

10-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын жаабайт.   Абанын температурасы:   Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36;   Талас өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31;   Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 19…24, күндүз 33…38;   Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30;   […]

Сизге жагышы мүмкүн