Чолпон-Атада аскердик кармаш уруш боюнча КМШ өлкөлөрүнүн спартакиадасы өтүүдө

Автор

Чопон-Ата шаарында аскердик кармаш уруш боюнча КМШ өлкөлөрү арасында Эл аралык XVI спартакиада башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Беларусь жана Россиядан келген 80ден ашык спортчу катышууда.
Эл аралык спартакида 13-июль күнү жыйынтыкталат.
Кыргызстандын курама командасынын тизмеси:
– 57 кг Азирет Төлөнов;
– 60 кг Эрнис Шаршенбек уулу;
– 65 кг Айдин Асанов;
– 70 кг Айбаз Орозбеков;
– 75 кг Давлет Канатбеков;
– 80 кг Сыймык Жаныбек уулу;
– 85 кг Бекнияз Жуматаев;
– 90 кг Асанбек Алымсеитов;
– 95 кг Айдарбек Сардарбеков;
– +95 кг Эламан Каныбек уулу.
Курама команда башкы машыктыруучу Ниязали Усманов жана машыктыруучу Сергей Дубовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 12-июль саат 09:00гө карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 85 сом 40 тыйын болсо, сатуу 86 сом 30 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 85 сом 40 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн