Чет өлкөлөрдө соттолгон жарандарды кайтаруу ишке ашат

Автор

Жогорку Кеңеште «Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө конвенцияга Кыргызстандын кошулуусу тууралуу» мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды. Эми чет өлкөлөрдөгү абактардан жарандарды которуу процессине жол ачылат.
Бүгүнкү күндө Түркиянын түрмөлөрүндө 7, ал эми Европанын түрмөлөрүндө 13 кыргызстандык жаран жаза мөөнөттөрүн өтөп жатышат. Башкы прокуратура мындан башка өлкөлөрдө соттолгон жарандарыбызды өлкөгө кайтаруу боюнча иш алып барып жатышкандарын билдирүүдө. Эскерте кетсек, кыргызстан 2016-жылдан бери 550 жаранын чет өлкөлөрдөгү түрмөлөрдөн которгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Ооганстанда 13 миллион адам тамак-аш тартыштыгына дуушар болууда

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДСУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебрейюстун айтымында, Ооганстанда 13 миллион адам катуу тамак-аш тартыштыгына дуушар болууда. Гебрейюс социалдык медиа платформасында Ооганстан эли туш болгон азык-түлүк коопсуздугу кризиси тууралуу маалымат бөлүштү. “Ооганстанда калктын 30 пайызын түзгөн 13 миллион адам азык-түлүк коопсуздугунун курч кризисине туш болууда” деди Гебрейюс. […]

Сизге жагышы мүмкүн