«Чет өлкөлүк өкүл» мыйзамын депутаттар колдоп беришти

Автор

Бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңеште «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору ЖКнын жалпы кароосуна чыгарылды.

Депутат Надира Нарматова негизги автор болгон мыйзам долбоору  биринчи окууда дээрлик суроо-жоопсуз эле жактырылды. Мыйзам долбооруна 52 депутат макул ал эми 7 эл өкүлү каршы добуш беришти.

Эске салсак,  буга чейин «Чет элдик өкүл» мыйзамынын долбоору Жогорку Кеңештин эки тармактык комитетинде биринчи окууда колдоо тапкан болчу.

Бөлүшүү:
Next Post

Дүйнөлүк банк: Израилдеги согуш глобалдык экономикага олуттуу зыян келтириши мүмкүн

Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы согуш глобалдык экономикага катуу сокку урушу мүмкүн.  Мындай божомолду Дүйнөлүк банктын президенти Аджай Банга Сауд Арабияда өткөн конференцияда билдирди.  «Израилде жана Газада болгон окуялар акыры дүйнөлүк экономикалык өнүгүүгө чоң таасирин тийгизет.  Менимче, биз абдан кооптуу учурда турабыз»,-деди ал. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн