Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин чет өлкөдө жашаган россиялыктарга пенсия жана башка төлөмдөрдү Россия Федерациясында же чет өлкөлөрдө ачылган банк эсептерине рубль менен алууга уруксат берген жарлыкка кол койду.
Токтомго ылайык Россия Федерациясына каршы санкцияларды колдонуунун шартында төлөнүшү мүмкүн болбогон пенсиялар, өндүрүштүк кырсыктардан жана кесиптик ооруларга байланыштуу милдеттүү социалдык камсыздандыруу төлөмдөрү өлкөдөн тышкары жашаган адамдарга төлөнүшү мүмкүн.