Жогорку Кенештин бүгүнкү, 22-февралдагы жалпы жыйынынында депутат Надира Нарматова демилгелеген “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору экинчи окууда карап, кабыл алды.
Мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоп, ага 64 депутат “макул” деди. Ал эми “каршы” бергендер 5 эле депутат болду.
Жалпы жыйында кээ бир депутаттар эгер мыйзам долбоору кабыл алынып калса, билим берүү, гендердик саясат жана социалдык маселелер жаатында олуттуу көйгөйлөр чыгаарын билдиришти.