Чет элдик жарандарды 4000 милиция күчөтүлгөн режимде кайтарып жатат

Автор

Чет элдик жарандарды 4000 милиция күчөтүлгөн режимде кайтарып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда Жогорку Кеңештин “Ишеним” фракциясынын жыйынында Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.
Анын айтымында 17-майдын түнүндө чет элдик студенттерди сабаган тополоңго байланыштуу 266 маалымат катталган. Алардын ичинен 11ине кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүүлөргө “бейбаштык”, “тоноочулук”, “каракчылык”, “улуттар аралык кастыкты козутуу”, “массалык башаламандык уюштуруу” сыяктуу беренелер менен кылмыш иш козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.
Ал тергөө иштеринин жыйынтыгы менен айыптары угузулуп, жазага тартылышаарын билдирди. Учурда 4000 милиция чет элдиктер жайгашкан жайларды күчөтүлгөн режимде кайтарып жатат.
Эске салсак,18-майга караган түнү Индиянын, Бангладештин жана Пакистандын жарандарын 60 чукул кыргыз жаштары сабап, кымбат баалуу буюмдарын, акчаларын жана уюлдук телефондорун тартып алышкан.

Бөлүшүү:
Next Post

356 үй-бүлө жаңы үйлөргө ээ болду

Казакстанда селден кийин турак-жайы калыбына келтирилбей калган 356 үй-бүлө үй жана батирге ээ болду. Бүгүнкү күндө 29 625 үй-бүлө 10,7 миллиард теңгеден (24,6 миллион доллардан) ашык суммада бир жолку төлөм алышты. Жалпысынан 30 912 арыз түшкөн. Жабыркаган аймактардагы 8863 объектиге келтирилген зыянды аныктоо иштери аяктады. 356 үйбүлө жаңы үйлөрдү жана […]

Сизге жагышы мүмкүн