Чемпиондор Лигасы: Чүчү кулак кармоонун жаңы форматы 29-августта болот

Автор

Чемпиондор Лигасынын 2024/25 сезонунда тайпалык баскычсыз өтөт. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазууда.
Маалыматка ылайык, чүчүкулак 29-августта компьютердин жардамы менен өткөрүлөт. Мурда бардык тираждар кол менен жүргүзүлчү.
20 жыл бою Чемпиондор Лигасы ушул эле алгоритм боюнча өтүп келген: клубдар жайкысын, тайпалык баскычы күзүндө, ал эми плей-офф жазында башталат.
Бирок 2024/25 сезонунан баштап көрүүчүлөр менен командаларды чоң өзгөрүүлөр күтүп турат. Мындан ары тайпалык баскыч болбойт, анын ордуна командалар 36 клуб катыша турган чакан чемпионатка катышат.
Бул командалар сегиз матч ойношот (биринчи, экинчи, үчүнчү жана төртүнчү себеттеги командалар менен экиден матч).
Белгилей кетсек, Чемпиондор Лигасынын учурдагы жеңүүчүсү “Реал” клубу болуп саналат.

Бөлүшүү:
Next Post

Таласта 100 миң доллар пара берип жаткан ишкерлер кармалды

Таласта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине 50 миң доллардан пара берип жаткан эки ишкер кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, «П.А.Т.» ЖЧК ээлери М.В.И. жана Э.Д.Н. УКМК кызматкерлерине 100 миң доллар берүүнү макулдашкан. Тактап айтканда, тоо-кен тармагындагы кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүрүп жаткан системалуу […]

Сизге жагышы мүмкүн