Футбол боюнча Чемпиондор лигасынын чейрек финалындагы командалардын атаандаштары белгилүү болду.
Чүчүкулак тартуу аземи Швейцариянын Ньон шаарында өтүп, командалар жуп-жуп болуп бөлүштүрүлдү:
“Реал” (Испания) — “Челси” (Англия);
“Манчестер Сити” (Англия) — ”Бавария” (Германия);
“Интер” (Италия) — “Бенфика” (Португалия);
“Милан” (Италия) — “Наполи” (Италия).
Чейрек финалдын алгачкы оюндары 11-12-апрелде, жооптук беттештер 18-19-апрелде өтөт.