Чемпиондор Лигасынын финалы Стамбулга 75 млн евро киреше алып келет

Автор

УЕФА Чемпиондор Лигасынын финалы Стамбулга 75 миллион евро киреше алып келет. Бул тууралуу  түрк басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Ататүрк Олимпиада стадионунда 2023-жылы 10-июнь ишемби күнү ойноло турган ири футболдук беттештин  эң арзан билет баасы 70 евро деп аныкталса, эң кымбаты 690 евро болуп сатыкка коюлган.

Эске салсак, Чемпиондор Лигасынын жарым финалында «Реал Мадрид» «Манчестер Сити» менен, ал эми «Милан» «Интер» менен беттешет.

Бөлүшүү:
Next Post

АКШ өзөктүк куралдын Беларуссияга берилишин айыптады

АКШ россиялык өзөктүк куралдын Беларуссияга берилишин кескин айыптайт. «Мен бул келишимди катуу айыптай турганыбызды айтам, бул биз Россиядан көрүп жаткан жоопкерчиликсиз жүрүм-турумдун дагы бир мисалы»,-деди Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Мэтью Миллер. 25-майда Беларустун президенти Александр Лукашенко республикага россиялык тактикалык өзөктүк куралдарды берүү башталганын билдирген. Беларуссия менен Россиянын коргоо министрлери […]

Сизге жагышы мүмкүн