Европанын футбол ассоциацияларынын биримдиги (УЕФА)алдыдагы Чемпиондор Лигасынын финалына калыстар тобун жарыялады. Еврокубоктун чечүүчү жолугушуусунда Польшадан келген калыстар тейлейт.
УЕФАнын расмий сайтында маалыматка ылайык, беттештин башкы калысы Шимон Марчиньяк болот. Ага жердештери Томаш Листкевич жана Павел Соколицкий четте жардам беришет.
Оюндун резервинде Румыниядан келген калыстар: Иштван Ковач жана Флорин Маринеску.
Эске салсак, Чемпиондор Лигасынын финалында англиялык “Манчестер Сити” менен италиялык “Интер” беттешет. Беттеш 10-июнда Стамбулдагы Ататүрк атындагы олимпиадалык стадиондо өтөт.
Өзүң тууралуу жарым барак жазып берчи сураныч, Кеша КМУда сени кантип тааныштырсын. Срочно бол батыраак ээ