Европанын футбол ассоциацияларынын биримдиги (УЕФА) Чемпиондор лигасынын 2024/2025-сезондун жаңы форматы боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу уюмдун сайтында айтылат.
УЕФА турнирде швейцариялык система колдонулаарын, ага ылайык 36 клуб бирдей турнирдик таблицада болорун билдирди. Ар бир команда сегиз матч өткөрөт, төртөө үйдө жана конокто. Алгачкы сегиз клуб автоматтык түрдө плей-оффко жолдомо алат, калгандары дагы сегиз орун үчүн ат салышат.
Эске салсак, Чемпиондор лигасынын жаңы форматы 2022-жылдын май айында белгилүү болгон. Анда негизги этапка 36 клуб катышары, ал эми турнирдин өзү швейцариялык система боюнча өтөөрү маалымдалган.