“Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясында 10 электромобиль жана чет өлкөгө 3 жолдомо ойнотулат

Автор

 2023-жылдын 1-июлунда Бишкектин Ала-Тоо аянтында Салык кызматы уюштурган “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын чоң утушу өткөрүлөт.

Салык кызматынан билдиришкендей, бул күнү 10 электромобиль жана Дубайга эки кишилик 3 жолдомо ойнотулат.

Негизги байгелерден тышкары, иш-чаранын катышуучулары үчүн атайын кошумча 15 смартфон ойнотулат.

Утуштар кызыктуу шоу-программа жана эстрада жылдыздарынын концерти менен коштолот. Алардын арасында Кайрат Примбердиев, Каныкей, “Инсан” тобу, Эркин Мукашев, Салтанат Аширова, Жийдеш Идирисова, Баястан, Абир Касенов сыяктуу белгилүү ырчылар бар. Алардын аткаруулары иш-чараны сыйкырдуу унутулгус музыкалык көз ирмемдерге толтурат.

Иш-чара саат 19:00дө башталат. 20.00дөн тартып утуштар УТРКда, ошондой эле Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз алып көрсөтүлөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргыз куткаруучулар эл аралык мелдешке катышууда

Кыргызстандык куткаруучулар  Азербайжандын Габала шаарында “Жаш куткаруучу” аталышындагы эл аралык мелдешке катышууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Мелдеште жаш куткаруучулар өрт эстафетасы, тилкедеги тоскоолдуктарды жеңип өтүү, издеп-куткаруу боюнча күч сынашып, өз өлкөсүнүн бай тарыхын, маданиятын, жаратылышынын өзгөчөлүгүн көрсөтмөлөр аркылуу даңазалашууда. Учурда Кыргызстандын атынан барган жаш куткаруучулар командасы атаандаштардын арасында […]

Сизге жагышы мүмкүн