Чек ара кызматынын директору кызматынан кетти

Автор

УКМК төрагасынын биринчи орун басары – КР УКМК Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору Шаршеев Уларбек Зарлыкович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Бөлүшүү:
Next Post

Абдикарим Алимбаев Чек ара кызматынын директору болуп дайындалды

Абдикарим Алимбаев КР УКМК төрагасынын биринчи орун басары – КР УКМК Чек ара кызматынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесинин негизинде Алимбаев Абдикарим Карбекович Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары – […]

Сизге жагышы мүмкүн