УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук кызматына караштуу Чек ара кызматына сатылып алынган жаңы аскердик-техникалык жабдыктар менен таанышты. Мындай маалыматты кечээ басма сөз кызматы билдирди.
“Төраганын биринчи орун басары Уларбек Шаршеев генерал-лейтенант К. Ташиевге чек араны кайтарууга алган тарамдарды камсыздоого алуунун алкагында ооруктук мүлк жана атайын техника алуу үчүн чек ара ведомствосуна республикалык бюджеттен акча каражаты бөлүнгөндүгүн баяндады.
Чек ара кызматынын тарамдарын камсыздоо иш-аракетинин алкагында бул сатылып алынган аскердик-техникалар чек ара тарамдарына жөнөтүлөт”.- деп айтылат маалыматта.