“Чегинбейм”: Wildberries компаниясынын тең ээси аялына 350 миллиард рубль доо койду

Автор

Wildberries компаниясынын негиздөөчүсү жана тең ээси Владислав Бакальчук жубайы Татьяна Бакальчукка жана анын бизнес өнөктөштөрүнө каршы 350 миллиард рубль суммасына доо арыз бергенин билдирди. Бул тууралуу ал Telegram-каналында жазып, Москванын арбитраждык сотуна берилген доо арызынын биринчи барагын көрсөттү.
Бакальчуктун айтымында, доо компаниянын негизги активдери, анын ичинде кампалар, логистика, банк, товардык белгилер жана веб-сайт мыйзамсыз түрдө өткөрүлүп берилгенине байланыштуу. Ал бул бүтүмдөрдү мыйзамсыз деп атап, активдерди кайтарып алуу үчүн соттошууга даяр экенин айтты.
“Биз Wildberries компаниясын нөлдөн баштап 20 жыл бою курдук. Бирге түптөп, өнүктүргөн компания азыр манипуляциялардын куралына айландырылды. Бирок мен артка чегинбейм! Колдооңуздар үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирем. Мен чындык жана мыйзам биздин тарапта экенине чын жүрөктөн ишенем!”-деп жыйынтыктады ишкер өз билдирүүсүн.

Бөлүшүү:
Next Post

Мугалим караңгыга - чырак, жан дүйнөгө азык!

Ардактуу мугалимдер жана агартуучулар! Сиздерди, кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Мугалим сокурга – көз, дүлөйгө кулак, караңгыга – чырак, жан дүйнөгө – азык берет. Мугалим чыныгы агартуучу, мугалим гана коомду аппак кылып тазалоочу бирден бир күч! Балдардын жан-дилине илим-билим үрөөнүн сээп, рухий байлыкка байытып, жаркын максаттарга үндөгөн сиздерге таазим […]

Сизге жагышы мүмкүн