Аба ырайынын кескин өзгөрүшү саат 17:30дар чамасында болгон. Катуу шамал чаң, кумдарды асманга учурган. Андан кийин шаарда жамгыр жаай баштаган.
Шаардын айрым аймактарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурап, таксилердин баасы көтөрүлдү.
Буга чейин синоптиктер Алматыда ала булут каптап, күндүз жамгыр жаай турганын, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетерин билдирген. 28-мартта Ташкенттин бир катар райондорунда катуу шамалдан бак-дарактар кулады. Кээ бир бутактары унаалардын үстүнө кулап, электр зымдарына зыян келтирди. Бир күн мурда Узгидромет Ташкентте шамалдын ылдамдыгы секундасына 12-17 метрге чейин күчөп, күн күркүрөшү мүмкүн экенин билдирген.