Чаткалда кар көчкү алдында калган 6 адамдын сөөктөрү табылды

Автор

Бүгүн, 19-октябрда таң эрте куткаруучулардын издөө иштеринин натыйжасында изделип жаткан 3 адамдын сөөгү саат 10:30да табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Министрлиги тарабынан Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы алыскы Ак-Сайында кар көчкүдөн улам дайынсыз болгон 6 жаранды издөө иштери аткарылган.
Алардын ичинен 3 адамдын сөөгү кечээ,18-октябрда табылып, тик учак аркылуу Кумбел тилкесиндеги штабга жеткирилген. Кар көчкүнүн алдынан табылган адамдардын сөөктөрүн куткаруучулар ИИМ кызматкерлерине жана туугандарына өткөрүп берүүдө.
Эскерте кетсек, 9-октябрда Каныш-Кыя айылынын 13 тургуну жана 1 кытайлык жаран тоого эндик өсүмдүгүнүн тамырын терүүгө чыгышкан. Кийинчерээк байланышка чыкпагандыктан, 16-октябрда алар дайынсыз болуп жатканы тууралуу ӨКМге кабар берилген.Ошол эле күнү куткаруучулар менен жергиликтүү тургундар издөө иштерине чыгып, дайынсыз болгон 8 кишини табышкан.
Табылган адамдар 14-октябрда саат 18:00дордо кар көчкү болгонун, 6 адам кар алдында калган болушу мүмкүн экенин айткан.

Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн