Чаткалда кар басып калган 6 адам табыла элек. ӨКМ тик учак жөнөттү

Автор

Эки күн мурда Чаткалдагы Ак-Сай тоосундагы кар көчкүдөн улам кар алдында калган алты адам изделүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев Чаткалда кар көчкү алданда калган жарандарды издөө иштери боюнча билдирүү таратты. Бул тууралуу ӨКМ башчысы соцтармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында 9-октябрда Каныш-Кыя айылынын тургундары жана бир чет элдик жаран жалпы 14 адам Эндик өсүмдүгүнүн тамырын издөөгө тоого кеткен бойдон дайынсыз болгон.
“Издөө иштеринин натыйжасында 16-октябрда 8 жаран аман-эсен табылды, калган 6 киши кар көчкүдө калган деген маалымат айтылууда. Учурда катаал шарттарга байланыштуу издөө иштеринде колдонулган техникалар менен иштөө кыйынчылык жаратууда.
Жеке тапшырмам менен жабыркагандарды табууга тик учак даяр. Аба ырайынын шарттарына байланыштуу азырынча уча элек. Абал жакшырса, дароо жөнөйт.
Тик учак менен эки жергиликтүү тургун барат, алар так жерди аныктагандан соң ӨКМдин 15-20 адамдан турган чалгындоо тобу 2-3 күн ичинде жетип, издөө иштерин баштайт. Бул топ бардык керектүү жабдуулар, спутник аркылуу телефон менен үзгүлтүксүз мага маалымат берип турат.
Анын артынан эле экинчи куткаруучу отряд жөнөтүлөт. Экинчи топ 6 ат менен жабдылып, жабыркагандарды эвакуациялайт.
Бул кырдаал менин жеке көзөмөлүмдө. Кандай гана шарт болбосун, куткаруу операциясы үзгүлтүксүз улантылат”, -деп жазды министр

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандын саламаттык сактоо уюмдарына 20 тез жардам унаасы берилди

Бүгүн, 17-октябрда Бишкек шаарында республиканын алыскы аймактарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына тез жардам унааларын тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти Эски аянтта өткөн иш-чарада саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине тез жардам унааларынын ачкычтарын тапшырды. Министр белгилегендей, Президенттик фонддон бөлүнгөн 20 тез жардам унаасы […]

Сизге жагышы мүмкүн